БИШКЕК, 01-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутаттар аз болгондуктан ишин саат 14:00го чейин токтотту.
Учурда парламенттин ишин алып барып жаткан вице-спикер Алтынай Өмүрбекова залда депуттар аз болгондуктан кворум жок экенин билдирди. Ошондон улам парламент ишин бир саат эрте токтотту.
Регламент боюнча депутаттар 13:00дө түшкү тынууга чыкмак.