Кочкор-Атанын мэри Жумаев: шаардын бюджетин сарамжалдуу пайдаланам
Шаардын жаңы башчысы ишин эмнеден баштарын мындайча айтып берди.
"Шаардын өнүгүшүнө, социалдык маселелерине, инфраструктуранын өсүшүнө өтө чоң маани берем. Эң биринчи максаттардын бири — шаардын бюджет долбоорун шаардык кеңешке алып барышым керек. Алар бекитип бергенден кийин натыйжалуу, сарамжалдуу жана сапаттуу аткарууга аракет кылам", — деди ал.
Эске салсак, Жумаев Кочкор-Ата шаарында төрөлүп, "Тазалык" ишканасын төрт жыл башкарган. Аталган шаарда 17 миң киши жашайт.