БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Футзал боюнча өлкөнүн кубогу үчүн беттештерге катыша турган командалардын атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чучукулак кармоо 28-январда өткөрүлүп, сегиз команда катышкан.
Анда А тайпасына "Востокэлектро", "Алга-Бишкек", "Batken city" жана "Достук" командалары кирген. Б тайпасы "EREM", "Мурас", "ГНС" жана "Талас" командалары менен түзүлдү.
Мелдештин тартиби боюнча командалар алгач, өз тайпаларынын ичинде беттешет. Андан соң алардын ичинен биринчи жана экинчи орунду алгандар жарым финалда ойношот. Жыйынтыктоочу беттеш 19-февралда өтөт.