БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 50 жарнамалык такта алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Некрасов, Толстой жана Гагарин көчөлөрүндөгү мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алды.
Шаардык бийликке калаа тургундары кайрылып, жарнамалар шаар көркүн бузуп, жөө жүргөндөргө тоскоолдук жаратып жатканын айтышкан.
Муниципалдык кызмат жакынкы арада шаарда уруксат кагаздары жок орнотулган жарнамаларды алып салуу ишин улантарын белгиледи.
Аталган иш аракетердин аркасында жалпы 28 баннер, 16 жарнамалык штендер жана алты жарнамалык такта алып салынды.