БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Москвада тергөөчүлөр кош бойлуу аялдын өлүмүнүн себептерин иликтеп жатканын РИА Новости Россиянын Москва шаары боюнча тергөө комитетинин жетекчи орун басары Юлия Ивановага шилтеме берип кабарлады.
"25-январь күнү кечинде Верхние Поля көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан кош бойлуу аялдын сөөгү табылган. Анын денесинде бийиктиктен кулагандай жаракаттар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, келин туугандары менен батирде турган", — деди Иванова.
Агенттиктин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагынын берген маалыматы боюнча, аял 14-кабаттан секирип кетиши мүмкүн.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, аялдын туугандары жана коңшулары сурак берип жатат.