БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандык вайнер Данияр Токтомаметов (MC_Doncha) Андрей Малаховдун "Пусть говорят" программасына катышты.
Теле берүүнүн кезектеги чыгарылышы интернет жылдыздарына арналып, шаршемби күнү кечинде эфирден көрсөтүлдү. Конок катары атактуу рэперлер Тимати, Доминик Жокер, ырчы Олег Газманов, актриса Анна Семенович жана шоумен Александр Ревва катышты.
"Көз жаш өйдө көздөй ага турганы менин оюма да келген эмес. Ушул өзгөчөлүк үчүн видеону өз баракчама бөлүштүм", — деди Тимати суроого жооп берип жатып.
MC_Doncha лакап аты менен белгилүү Токтомаметовдун "Слезы тикли вверх" аттуу ыры россиялыктарды да кайдыгер калтырган эмес. Тимати, Jah Khalib, "А-Студио" тобунун аткаруучусу Кэти Топурия видеону өздөрүнүн Instagram баракчасынан бөлүшкөн. Андан сырткары, Михаил Галустян дагы жылуу пикирин билдирген.