БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунда "Газель" унаасы менен Matiz кагышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ош — Бишкек унаа жолунун 585-чакырымында (Сузак району) катталып, каза болгон жарандын сөөгү Жалал-Абад шаардык оорукананын моргуна жеткирилген.
Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.