Абдырахманов: Көк-Таштагы жаңжалда үйдүн, машинанын айнектери талкаланган
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Алишер Абдырахманов учурда аймакта абал тынч экенин жана күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлдөп жатканын айтты.
"Эки элдин өкүлдөрү бири-бирине таш ыргытышкан. Анын кесепетинен үйдүн терезеси, машиналардын айнеги сынган. Материалдык чыгымдар чоң эмес", — деди ал.
Абдырахманов ошондой эле сүйлөшүү жолу менен эки элдин өкүлдөрү бир-бирине келтирилген чыгымдарды төлөп бере турган болушканын кошумчалады.