БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы турак-жайларга жана социалдык-маданий имараттарга жакын жайгашкан май куюу жайларын алуу маселесин көтөрдү.
Депутат Куванычбек Конгантиев турак-жайларга жакын жайгашкан май куюучу жайлар ондоп саналарын билдирди.
"Алардын бардыгы жарандардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаратат", — деди депутат Конгантиев.
Аталган маселе шаардык кеңештин жакынкы жыйынында көтөрүлөрүн аталган фракциядан маалымдашты.