Турсунбеков: эл кырсыктан жабыркагандарга жардам берип тикесинен тик турду
Авиакырсыктан жабыркагандарга жардам берүү үчүн эл тикесинен тик турду. Бул тууралуу ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков отурумдун башталышында айтты.
Эл өкүлү кырсыктан каза болгондордун жакындарына жалпы депутаттардын атынан көңүл айтып, бейтаптардын тезинен сакайып кетишин тиледи.
"Мындай оор учурлар элдин башын бириктирип коёт. Эл бул күндөрү тикесинен тик турду", — деди Турсунбеков.
Депутаттар ишке киришерден мурун кырсыктан көз жумгандарды эскерип, бир мүнөт аза күтүштү.