БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ош аэропорту аба ырайына байланыштуу убактылуу өз ишин токтотту. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" аба майданынын маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, Оштогу коюу тумандын айынан үч рейс токтотулган.
"17-январдагы расписание боюнча Ош — Бишкек каттамы менен саат 20.00дө, 23.30да жана 23.55де үч самолет учмак. Бирок коюу туманга байланыштуу каттамдар токтотулду. Абал эртең менен жөнгө салынары күтүлүүдө", — деп маалымат кызматынан билдиришти.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Москвадан келген учак “Манас” аэропортуна келип конгон.