Учактын кыйрашына бир гана туман себеп болду деп айтууга мүмкүн эместигин биринчи класстагы учкуч Турар Исмаилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Boeing — 747 учагы заманбап учак. "Манас" аэропорту дагы жабдуусу жагынан бүгүнкү күндүн талабына бардык жагынан жооп берет. Бүгүн эртең менен коюу туман түштү деп айтылууда. Бирок кыйроо тумандан улам болду деп так кесе айтууга болбойт. Учактын системасында бузулуулар же укчуктардан дагы ката кетип калышы толук мүмкүн. Ошол себептүү кыйроонун анык себебин кара ящикти ачкандан кийин гана билебиз. Учкуч катары айтсам, туман болуп жатканда учакты кондуруу абдан татаал", — деди Исмаилов.
Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Жунушалиев билдиргенине караганда Boeing – 747 жүк ташуучу учагынын кыйроо себептерин иликтөөгө Түркия, АКШ жана эл аралык авиация комитети кошулушу мүмкүн.