БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошев Sputnik Кыргызстан агенттигине Алтынай Жайнакованы такыр тааныбай тургандыгын билдирди.
"Алтынай Жайнакова деген ырчыны такыр тааныбайм. Ал мага кошуна да, тууганда эмес. Негизи Кайгуул милициясы токтоткондо чоңдордун атын айткандар көп эле болуп жатат. Балким ал кыздын анча-мынча тойдо ырдагандыгын көргөндүрмүн", — деди Жолдошев.
Ал Алтынай Жайнакова социалдык тармак аркылуу кечирим сурагандыгын кошумчалады.
"Кечээ социалдык тармак аркылуу кечирим сураптыр. Жеке мага келген жок. Анын кечирим сурашы зарыл деле эмес. Негизи менин атымды саткандар болсо тескерисинче көбүрөөк жазалагыла деген талап коем. Мен мыйзам бузагандарга колдоо көрсөтпөйм", — деди ал.
Жолдошев милиция кызматкерлери жөн жерден айдоочуларды токтоткон учурлар да бар экенин айтып, жабыр тарткандар болсо арыз менен кайрылса болоорун кошумчалады.