БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Эртең өлкө боюнча күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз 3 градус жылуу болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 3 градустан 6 градуска чейин суук болсо, Ысык-Көл облусунда 3 градуска чейин суук болот. Тоолуу Нарында 19 градус суук болушу күтүлөт.