БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек шаарына эки турак үй курдуруу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Коопсуздук комитет турак үйлөрдүн курулушуна 176 миллион 803 миң 313 сом сарптоого даяр.
Тендер 12-январда жарыяланып, мөөнөтү 2-февралда аяктайт.