БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда жети күн бою тынбай Манас айтуу иш-чарасы өтө турганын белгилүү манасчы Улан Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, иш-чара жергиликтүү бийликтин демилгеси менен өтмөкчү.
"Саякбай манасчы" фондусуна Кара-Суу районунун администрациясы тарабынан ушундай сунуш түштү. Райондук деңгээлде өтө турган иш-чараны март айына пландаштырып жатабыз", — деди Исмаилов.
Ал Манас айтууга манасчылардын дээрлик бардыгы барарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, салтка айланган тынбай Манас айтуу иш-чарасы былтыр Бишкекте 27-ноябрда башталып, 4-декабрда чоң салтанат менен жыйынтыкталган.