Оорулуу сандар: кыргызстандыктар кайсы илдеттен көз жумат

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүОперация по имплантации сердечного клапана в Научном центре сердечно-сосудистой хирургии им. А.Н. Бакулева
Операция по имплантации сердечного клапана в Научном центре сердечно-сосудистой хирургии им. А.Н. Бакулева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы жалпы каза болгондордун 11 пайызы онкологиялык оорулардан көз жумган.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктардын өмүрүн алган илдеттердин башында кан айлануу системасындагы жана жүрөк-кан тамыр илдеттери турат. Бул туурасында Статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. 

"Кан айлануу системасындагы жана жүрөк-кан тамыр илдеттери негизинен өлкөнүн ишке жарамдуу бөлүгүн камтыйт. Экинчи кооптуу оору — рак. 2015-жылы жалпы каза болгондордун 11 пайызы дал ушул онкологиялык оорудан көз жумган", —деп айтылат маалыматта.

Мындан кийинки себеп — ар кыл жаракатттар, травма, уулануу жана башка сырткы факторлор экен. Мындан улам каза болгондордун 80 пайызы ишке жарамдуу жарандар болуп чыккан. 

Өмүрдү алган кийинки оорулар — тамак-аш сиңирүү жана дем алуу органдарынын жабырланышы деп аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0