"Саякбай манасчы" эл аралык фондусу эми түштүк аймакта да иштей баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗалкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкели. Архив
Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Саякбай манасчы" фондусу залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата былтыр түзүлүп, "Манас" эпосун жайылтуу, манасчыларды колдоо жаатында иштеп келет.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. "Саякбай манасчы" эл аралык фондусу Ош шаарында өз филиалын ача турганын фонддун мүчөсү Улан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, өкүлчүлүк Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча иш алып барат.

"Филиал негизинен Манас айтууга кызыккан балдардын башын бириктирип, аларды тарбиялоо, "Манас" эпосун жайылтуу менен алектенет", — деди Исмаилов.

Өкүлчүлүктүн ачылыш аземи 2017-жылдын 5-6-январына белгиленген.

Эскерте кетсек, "Саякбай манасчы" фондусу залкар манасчынын 120 жылдыгына карата былтыр түзүлүп, "Манас" эпосун жайылтуу, манасчыларды колдоо жаатында иштеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0