ИИМ: майрам учурунда олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл түнү өлкө боюнча 7800 милиция кызматкерие тартипти көзөмөлгө алды.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жыл түнү олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери 30-декабрдан 1-январга чейин күчөтүлгөн режимде иштеди.

"Майрам учурунда өлкө боюнча 7800 милиция тартипти көзөмөлгө алды. Алардын 2600ү Бишкек шаарында кызмат өтөдү", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары ыктыярдуу кошуундар жардамга келип, коопсуздукту сактоого көмөктөштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0