Жеңиш паркындагы Өчпөс отко видеокамера орнотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы жеңиш паркы. Архив
Бишкек шаарындагы жеңиш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онлайн-видеокөзөмөлдөө орнотуунун башкы максаты — аталган жайда тартип бузууну жана туура эмес көрүнүштөрдү көзөмөлдөп туруу.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жеңиш паркындагы Өчпөс отко видеокамера орнотулду. 

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, Свердлов райондук администрациясынын демилгеси менен 21-декабрда Жеңиш паркындагы эстеликке интернети бар жана өзү башкарылып турган онлайн видео-көзөмөлдөө коюлган.

Онлайн-видеокөзөмөлдөө орнотуунун башкы максаты аталган жайда тартип бузууну жана коомчулуукка каршы туура эмес көрүнүштөрдү көзөмөлдөп туруу болуп саналат. 

Жолдогу таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия тазалыкты сактабагандар тууралуу маалымат берүүгө чакырат
Көзөмөлдөө камерасын тескөө милдети Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына берилип, мындан ары алар карап, кайтарып турмай болушту. 

Ноябрь айынын аягында интернетке жаш жигиттер Өчпөс отко картошка бышырып жатканы тартылган видео жарыяланган. Мындан соң шаар мэриясы аталган жарандарды табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча кармалгандар унаа токтотуучу жайда иштеген жумушчулар болуп чыкты. 

Былтыр да ушундай эле окуя катталып, анда Өчпөс оттун жанында "отуруш" уюшулганы тууралуу да маалымат тараган. Бирок милиция келгичекти "кеченин" катышуучулары из суутуп кетүүгө үлгүрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0