БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Израилдин Коргоо министри Авигдор Либерман Францияда жашаган еврейлерди ал өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу The Jerusalem Post сайтына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.
Мындай билдирүүнү министр Парижде өтчү форумдун алдында билдирди.
"Франциядагы еврейлерге ушул сөздү айтчу убак келди, бул биздин өлкө эмес, кетүүгө кез келди", — деди министр.
Парижде январь айында Палестина — Израилдин тынчтык процессин кайра жандандырчу форум өткөрүү пландалууда. Израиль ага катышпай турганын билдирип, Францияны иш-чараны токтотууга чакырган.
Израиль сырткы күчтөрдүн кысымынан сактанып, Палестина менен түз сүйлөшүүнү көздөп жатат.
Ал эми Палестина тарап, тескерисинче, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыгын бербей калганын айтууда.