https://sputnik.kg/20161226/ashirbaj-zhusupov-2017-krde-4-shaarda-veterinardyk-laboratoriya-kurulat-1030986224.html
Аширбай Жусупов: эмки жылы төрт шаарга ветеринардык лаборатория курулат
Аширбай Жусупов: эмки жылы төрт шаарга ветеринардык лаборатория курулат
Sputnik Кыргызстан
Эмдиги жылы Талас, Баткен, Каракол, Балыкчы шаарларында ветеринардык лаборатория курула тургандыгын КРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча... 26.12.2016, Sputnik Кыргызстан
2016-12-26T15:47+0600
2016-12-26T15:47+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103098/51/1030985188_0:0:1272:720_1920x0_80_0_0_81461ef6b749f1ab5de6e6cb24a79f6d.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2016
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103098/51/1030985188_49:0:1194:720_1920x0_80_0_0_4d7ea01624bd09d76681a0eed367a365.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, аширбай жусупов
жаңылыктар, аширбай жусупов
Аширбай Жусупов: эмки жылы төрт шаарга ветеринардык лаборатория курулат
15:47 26.12.2016 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эмдиги жылы Талас, Баткен, Каракол, Балыкчы шаарларында ветеринардык лаборатория курула тургандыгын КРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жусупов билдирди.
Анын айтымында, буга мамлекет тарабынан 190 миллион сом каражат каралган.
"Лабораториялар үчүн жерлер бөлүндү. Бардык документтер даяр. 2017-жылдын январь айынан тарта курулуш иштери башталат. ЕАЭБдин талаптарына жооп берген бардык бөлүмдөр курулат", — деди Жусупов.
Ошондой эле ал республикалык деңгээлдеги лабораториялардын учурдагы абалына токтолду.
"Бишкектеги республикалык ветеринардык лаборатория жана Ош облустук зоналдык лаборатория капиталдык ремонттон өтүп жатат. Адистер Россияга барып окуп келишти. 2017-жылдын апрель айында жабдыктар Россиядан толугу менен келип түшөт. Ошондо тамак-аш коопсуздугу боюнча лабораториялар толук кандуу иштей баштайт", — деди инспекциянын өкүлү.
Мындан сырткары, Жусупов 2017-жылы ЕАЭБдин талаптарына жооп берген 10 пилоттук мал союучу жайлар курула тургандыгын кошумчалады. Ага мамлекеттен 300 миллион сом бөлүнмөкчү.