БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кечээ, 24-декбарь күнү саат 14төр чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Көө ашуусунда үч ирет кар көчкү түшкөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, көчкү ашуу жолунун 67-чакырымында, 69 жана 73-чакырымында түшкөн. Кардын жалпы көлөмү 18 миң куб метр деп болжолдонууда.
Учурда жол тазаланып, атайын техника иштеп жатат. ӨКМ кар көчкүдөн эч кимге зыян келтирбегенин белгиледи.