БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" ишканасы битум сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана битум сатып алуу үчүн 51 миллион сом сарптоого даяр.
Тендер 24-декабрда жарыяланып, мөөнөтү келерки жылдын 16-январында аяктайт.