БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. АКШда жашаган боливиялык актриса Карла Ортис Сирияда даректүү тасмага тартылып келгенден кийин CNN телеканалына берген маегинде Батышты согуш боюнча жасап жаткан кадамдарын өзгөртүүгө чакырды. Бул туурасында ал Facebook тармагына жазгандыгын РИА Новости кабарлады.
Fox 11 журналына берген маегинде да Ортис Алеппонун чыгыш райондорунда эвакуация болуп жаткан учурда дал ошол калаада болгонун айтып, Алепподон бурмаланган маалыматтар берилгендигин билдирген. Маселен, Twitter баракчасындагы жасалма аккаунттар массалык атуу боюнча жалган маалыматтарды таратып жатышты деген ал.
Ортис жети жаштагы Бана Алабед аттуу кыздын Twitter баракчасына чыгыш Алепподогу абал боюнча жазган деген маалыматтан шек санай тургандыгын билдирген.
"Мындай болушу мүмкүн эмес, себеби ал жакта интернет деген жок. Чыгыш Алеппо 85 күндөн бери электр жарыгысыз отурат, ал эми 3G деген саналуу гана кишилерде бар. Ал жакта окуянын чордонунда жүргөндө твит жазууга мүмкүн эмес", — деп айтты CNN телеканалынын эфиринде.
"Алар үчүн "Сириянын эркин армиясы" же козголоңчулар экени мааниге деле ээ эмес, баары согушкерлер", — деп айтты жагдай боюнча актриса.
Ортистин билдиришинче, жай жашоочулар "кантип ачка жүргөнүн, билим алуудан ажырагандыгын, террорчулар экинчи тарапка өтөм деген адамды кантип өлтүргөндүгүн" айтып беришкен.
Актриса "Сириянын чыныгы үнүн угууга" жана согушка чекит коюуга чакырды.
"Биз саясатыбызды кайра карап көрүшүбүз керек. Ал жактагы оппозицияны жакшы ниет менен колдогонбуз, бирок эми алар жок, алар көзөмөлдөп чыгып кетти", — деди актриса.
Карла Ортис тартылган "Сирия үнү" тасмасы 2017-жылы экранга чыкмакчы.