БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Эртеңден тартып кар көчкүну атайылап түшурүү иш-чаралары башталарын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-декабрдан 29-декабрга чейин Бишкек — Ош (132-137 жана 198-250-чакырым) жана Нарын — Казарман (44-45 жана 67-94-чакырым) автоунаа жолдорундагы кар көчкү коркунучу бар жерлерде атайылап түшүрүү иш-чаралары башталат.
"Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын артиллериялык расчету тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу жабылат, Бишкек — Ош унаа толугу менен жабылбайт", — деп жазылат маалыматта.
Транспорт жана жолдор министрлиги аталган жолдорду убактылуу жабууну жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылат. Ал эми артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт.