Бүгүн эртең менентен тарта жааган кар, кечке чейин бир топ эле болду. Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын көркүн чыгарган бурганак, жаңы жылдык маанайды шаардыктарга эртелеп тартуулагандай болду. Бул кечте көчөлөрдөн чана сүйрөгөн аталарды, "Ала-Тоодо" кардын фонунда селфи жасаган жаштарды, таттуу саткан, карга оронгон чоң апаны жолуктурууга болот.

Бурганактуу кечки Бишкек. Кардын романтикасы азырынча айдоочуларга эле жакпай турат

Фокуста – башкы балаты. Фондо – айкөл Манас. Жолдо казкатар тигилген автоунаалар

Бала бакчадан келе жаткандар. Кичинекейлер чоңдордон айырмаланып, суукту анча тогото бербейт

"Ала-Тоо" аянтындагы романтикалуу жуптар. Болбосо мындай бурганакта байлап койсо да киши турбаса керек

Жарык жааган жерде. Кыштын ирмемдерди кармап калып сүрөткө түшүп жаткандар. Арасында балалуу эне, жаштар, орто жаштагылар жүрөт

Тынч, бейгам күндөр. Кар жааган Бишкектин борбордук аянты

Жаштык — байлык, жаштык — жыргал

Транспорт күткөн шаардыктар

Мамлекеттик тарых музейинин капталы. Бул жер жайы-кышы дебей кооздукка бөлөнүп турат. Бул сапар көчөнүн көркүн кар чыгарыптыр

Ата-бала. Чанага түшкөн кандай сонун!

Кыш жана жигит

Жаңы жылды буюрса, кар менен тосчудайбыз

Тебетейчен байкелер

Таттуу саткан, карга оронгон чоң апа