БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматынын төрагалыгына Медетбек Айдаралиевди дайындоо боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу чыкканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Айдаралиев буга чейин Жалал-Абал облусуна караштуу Аксы районунун акимдигин аркалап келген.
Ал эми Миграция кызматынын буга чейинки жетекчиси Бакыт Адылов аталган кызматка 2015-жылы "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын квотасы менен келген.