БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндөгү спорт залынын курулушун улантуу үчүн Жалал-Абад облустук башкармалыгы тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, облустук башкармалык курулуш иштерин жүргүзүүгө 10 миллион 965 миң 501 сом сарптоого даяр.
Тендер 20-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 12-январда аяктайт.