Чоң энесин артынан кууп, сабап өлтүргөн небере 15 жылга соттолду. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАрест бывших сотрудников отдела полиции "Хорошево-Мневники"
Арест бывших сотрудников отдела полиции Хорошево-Мневники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун өкүмү менен макул болбогон соттолуучу облустук сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Былтыр 1-сентябрда кечки бештерде мас болуп алып, үйүнүн короосунан чоң энесин кубалап жүрүп уруп өлтүргөн 26 жаштагы жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады. 

Трагедия анын бирөөгө кекенип калгандыгынан башталгандыгы маалыматта айтылат. 

Окуя Сузак районунун аймагында болгон. Алгач небереси короодо жүргөн чоң энесин жөндөн-жөн туруп эле качканына болбой кубалап барып, шыпыргы менен эки-үч ирет чаап жиберген. Коркуп кеткен кемпир бакты карай качканда артынан жетип барып, таяк менен чаап калганга үлгүргөн. 

"Мас небере токтоп калбай, өзүн жоготуп койгон чоң энесин дөңгөч менен үч ирет чаап жиберген. Карылуу эркектин мындай тепкисинен улам чоң эне ошол эле жерден, короодон жан берген", — деп билдирди Жогорку соттун маалымат кызматы. 

Сузак райондук соту ага 21-сентябрда Кылмыш Жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде он беш жылга эркинен ажыратып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөө чечимин чыгарган. 

Соска с деньгами - Sputnik Кыргызстан
Үч баласын 82 миң сомго саткан эне 12 жылга соттолду
Соттун өкүмүнө макул болбогон соттолуучунун жактоочусу апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылып, Алишер Кыргызбай уулу энесин атайылап өлтүрбөгөнүн көрсөтүп, соттолуучунун кылмыш аракетин Кылмыш Жаза кодекстин 101-беренесине (Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) квалификациялап берүүнү сураган. 

Жалал-Абад облустук соту кылмыш ишти карап, жактоочунун даттануусун канааттандыруусуз калтырып, өзүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. 

Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0