00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:57
2 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Максимальный репост
10:04
45 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук 37 пайызга өстү — жапа чеккендердин дээрлик көбү аялдарбы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Фестиваль людей с ограниченными возможностями – о больших талантах больших сердец
16:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
“Экинчилердин биринчисиби?” Түркиянын экономикасы
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
К чему может привести коклюш, и почему так важно вовремя получить вакцину
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Орто кесиптик адистерди даярдап, жумушсуздукту азайтууга салым кошкон автоэлектрик
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Быйыл өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук 37 пайызга өстү — жапа чеккендердин дээрлик көбү аялдарбы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттар менен ырчылар Аяз атага кат жазды

Жазылуу
Аяз атага кат жазгандардын бири ден соолук сураса, экинчиси Алмазбек Атамбаевдей жаңы президент келишин каалады.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бүгүн "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын оту жанып, сыйкырдуу таякчан Аяз ата менен Аяз кыз жаңы жылдык майрамдын ачылышын жарыялады. 

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатчы жана чыгармачыл адамдар менен байланышып, жаңы жылда Аяз атадан кандай белек күтөрүн билип көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы

Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы:

Аяз ата Кыргызстанды кризистен чыгарып, экономикалык өнүгүүгө алып келсин. Президенттик шайлоо жакшы өтсүн. Бийлик тынчтык жолу менен алмашып стабилдүү жыл болсун. Ар бир адамдын күткөн жакшылыктары ишке ашсын. Эч ким оорубасын. Аяз атадан мына ушундай жакшы нерселерди күтөм. 

Жеке өзүмө ден соолук тилейм. Элим аман болсун, эл ичинде мен болоюн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековӨмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты
Депутат Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты

Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты: 

Менин бала кезимде Аяз атага ишенмек түгүл аны билген да эмеспиз. Азыркылар болсо Аяз ата белек таштайт деп ишенишет экен. Бизде андай нерсе болгон эмес. Тилек айта албайм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты
Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты

Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты:

Аяз ата тынччылык, молчулук, элибизге ден соолук, экономиканы өстүрө турган жакшы долбоорлорду ала келсин. Алмазбек Атамбаевдей жакшы президент берсин. Парламент 2017-жылы жакшы мыйзамдарды чыгарып, өкмөт жакшы иштесин. 

Өзүмө ден соолук, үй-бүлөмө жакшылык берсин. Туугандарым ден соолуктуу болсун. Өзүмдүн ишим ийгиликтүү болсун. Жакшы депутат болуп пайдалуу мыйзамдарды чыгарайын. Элдин кызматын так жана ак аткарып берейин. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйчүрөк Иманалиева, КРдин эмгек сиңирген артисти
Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиева, КРдин эмгек сиңирген артисти

Айчүрөк Иманалиева, КРдин эмгек сиңирген артисти: 

Жаңы жылда элибизде, жерибизде жана эненин жүрөгүндө тынчтык болсо экен. Балдарым аман болсо деп сурайм. 

Иштеп жаткан адамдардын эмгеги өкмөт тарабынан туура бааланып, акыйкаттык болсо дейм. 5-6 жыл иштегендер 20-30 жыл иштегендерге караганда ар кандай сыйлыктарга ээ болуп калган көрүнүштөр жоюлуп, адилеттүүлүк орносо экен. Себеби канча жылдап иштеген таланттар "Эл артисти", "Эмгек сиңирген" сыяктуу наамдарга жетпей көзү өтүп кетип жатат. Акыйкатсыздыктын айынан өздөрүн таштап койгондор да кездешет. Ушул маселе жакшылап каралса деген тилегим бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин депутаты
Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин депутаты

Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин депутаты: 

Урматтуу аяз ата! Сурай турган белегим абдан кымбат экенин билем. Бирок ал миңдеген адамдын өмүрүн сактай алат. Онкологиялык оорулуулар үчүн керектүү жабдык алып беришиңди өтүнөм. Жаңы жылда сенин белегиң эненин, баланын, атанын өмүрүн сактап, миңдеген үй-бүлөлөрдү бактылуу кылсын. Элди бактылуу кылыш үчүн сенин капчыгың ар дайым калың болсо экен. Урматым менен Айсулуу. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлнур Сатылганова, КРдин эл артисти
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова, КРдин эл артисти

Гүлнур Сатылганова, КРдин эл артисти: 

Азыркы заманда оорунун түрү көбөйүп кетти. Аяз атадан суранарым — башкысы ден соолук берсин. Элимде, жеримде тынчтык болсо экен. Анан кыштын кыштай болушун суранам. Себеби мен карды абдан жакшы көрөм. 

Сахнада жүргөнүмө 30 жыл болгондуктан келерки жылдын жаз айларына пландап жаткан жеке концертимди жакшы өткөрүп алсам экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты
Депутат Абдывахап Нурбаев - Sputnik Кыргызстан
Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты

Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: 

Келерки жылы президенттик шайлоо биринчи жолу биометрика менен өтөт. Ошол тынч жана таза болсун. Эл мамлекетке кызмат кыла турган, жүрөгүндө элге болгон сүйүүсү күч адамды тандап алышын каалайм.

Ал эми өзүмө жана ата-энеме ден соолук сурайм, жакшы иштер насип болсун. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЛунара Мамытова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары
Депутат Лунара Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Лунара Мамытова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары

Лунара Мамытова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары: 

Кичинемде Аяз атаны сыйкырчы ата катары элестетчүмүн. Азыр деле бардык тилектерди орундаткан кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө ишеним бар. 

Тилегеним эле коомубузда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар аз болсо экен. Балдарыбыз, энелерибиз ден соолукта аман болушсун. Иш менен жүрүп кыйналган балдарды, карыяларды көргөндө жүрөк эзилет. Ар бир бала бардар жашоодо өсүшүн суранам. Кедей үй-бүлөлөрдүн саны азайып, элибизге кут консун.

Өзүмө болсо билимге умтулуп, кесипкөйлүктү жогорулатуунун үстүндө иштөөгө күч кубат сурайм.

Бишкекте өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0