Трамп жактоочуларын инаугурацияда рекорд коюуга чакырды

© Sputnik / Кейтлин Оукс / Медиабанкка өтүүД.Трапм и М.Пенс встретились с избирателями в штате Пенсильвания
Д.Трапм и М.Пенс встретились с избирателями в штате Пенсильвания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-ноябрда АКШда өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трамп атаандашы Хиллари Клинтонду жеңип алган. Ал расмий түрдө кызматка 2017-жылы 20-январда киришет.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн жактоочуларын инаугурация күнү келип, мындай иш-чараларга катышкандардын саны боюнча рекорд коюуга чакырганын РИА Новости билдирди.

Эске салсак, 8-ноябрда АКШда өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трамп атаандашы Хиллари Клинтонду жеңип алган. Ал 2017-жылы 20-январда кызматка расмий киришет.

"Биз мунун баарын чогуу ишке ашырдык. Тарапташтарым 20-январда инаугурацияга келет деп ишенем. Келгиле, рекорд коёбуз", — деп Трамп өзүнүн Twitter баракчасына жазган.

Полициянын берген маалыматы боюнча 2013-жылы Барак Обаманын инаугурациясын 600-800 миң адам көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0