БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Токмок шаарындагы май куюучу бекеттердин бирине таңга маал кол салууга шектелген аял менен эркек кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйынтыгында, 500 сомдук "Nokia Х-2", "Hyundai Sonato" автоунаасынын 2000 сомдук ачкычын жана кассадан 53 000 сомду алып, из жашырышкан.
Милициянын маалыматына караганда, алар алып кеткен чыгым 55 500 сомду түзгөн.
"Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-медициналык, соттук-криминалисттик жана соттук- дактилоскопикалык экспертизалар дайындалды. Ал эми буга шектүү делген жергиликтүү бир аял жана эркек кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп маалымдады маалымат кызматынан.
Маалыматта, кармалган эркек мурда соттолгону айтылат.