БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Нарда боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты бүгүнтөн тарта башталганын спорттун бул түрү боюнча федерациянын жетекчиси Сергей Пономарев билдирди.
Мелдешке Чүй облусунун бардык тургундары катыша алат. Ошондой эле Казакстандан келген спортчулардын да күч сынашары күтүлүүдө.
Федерациядан маалымдашкандай спорттун бул түрүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына киргизүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.