БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Жекшембиге караган түнү Байтик баатыр проспектиси менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Бул туурасында окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине Whatsapp аркылуу билдирди.
"Менин түшүнгөнүм боюнча Lexus GX 470 үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты, Honda Inspire батыштан чыгышты, Mersedes Benz түштүктөн түндүктү көздөй бет алып бараткан. Анан бардыгы бардыгы жолдун кесилиштен кагышып кетти. Жол боюнда токтоп турган Honda Accord да жабыркады", — деп билдирген окуяга күбө болгон киши.
Медицина кызматкерлеринин айтымында, төрт жаран жабыркаган. Экөөнүн баш мээси чайкалып Улуттук госпиталга жеткирилди.
Кайгуул милиция башкармалыгы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Ар кандай окуя, кырсыктар жана жаңылыктар болсо Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу кабарлаңыз.