БИШКЕК, 18-дек. — Spunik. Йемендеги Аден шаарында жасалган терактыдан 43 аскер мерт кетип, ошончо сандагы аскер жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Türkiye сайты кабарлады.
Аскер жана медицина кызматкерлеринин маалыматына караганда, жан кечти аталган калаанын түндүк-батышында жайгашкан аскер базасынын жанында топтошуп турган аскерлердин ичине кирип келип, жардыруу жасаган.
"Акыркы маалыматтарда 43 аскер курман болуп, ошончо сандагы аскер жаракат алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматтарда, каза тапкандар ал жерге айлыгын алуу үчүн чогулгандыгы жазылган.