БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Грозныйда жекшембиге караган түнү полицияга кол салган төрт кылмышкер жок кылынып, экөөсү оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу РИА Новости Рамзан Кадыровго шилтеме кылып билдирди.
Анын айтымында, кылмышкерлер полиция кызматкерлерине кол салып, кызматтык унаасын тартып алышкан.
"Маалымат түшөөрү менен "Перехват" планы жарыяланды. Кылмышкерлер дагы бир полициянын үйүнө барып, аны таппаган соң из жашырган. Андан соң алардын унаасы турган жер аныкталып, полицияга барган кезде ок чыгарган. Жыйынтыгында төрт кылмышкер өлтүрүлүп, экөөсү оор абалда ооруканага жаткырылды", — деп жазылат маалыматта.
YouTube каналына атышуунун видеосу жүктөлдү. Полиция кызматкерлери жабыркаган жок.
— М (@dondigidon95) 17 декабря 2016 г.