БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Северный айылында жайгашкан шахта урап эки кишини басып калганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 16-декабрда саат 12лер чамасында болгон.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар чыгып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат бериле турганын кошумчалады.