Замир Сыдыков: Оштогу кошуналар чыры бычакташууга алып келди
Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков кошуналар ортосундагы чыр жер тилкесин талашуудан чыкканын билдирди.
"Кошуна жашаган эки үй-бүлө жер тилкесин талашып чатакташа кеткен. Ата-энесине болушкан жигит алар менен урушуп жаткан эки адамга бычак сайып алган. Жабыркаган эки жаран жергиликтүү ооруканага оор абалда жеткирилди", — деп билдирди Сыдыков.
Шектүү Ош шаардык ИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголду.