Катарлык шейх улуттук майрамга карата үйүнө кыргыздын боз үйүн тиктирди

© Фото / Азамат КармышаковКатарлык шейх Сани бин Абдулла Алсани Катардын улуттук майрамына карата тиктирген кыргыз боз үйү
Катарлык шейх Сани бин Абдулла Алсани Катардын улуттук майрамына карата тиктирген кыргыз боз үйү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боз үйдү тиктирген шейх аны бир нече ай бою чечпей тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Катарлык шейх Сани бин Абдулла Алсани Доха шаарында 19-декабрь — Катардын улуттук майрамына карата кыргыз боз үйүн тиктирип, аны мекендештерине көрсөтүүгө камданып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Катардагы кыргыз клубунун жетекчиси Азамат Кармышаков билдирди.

© Фото / Азамат КармышаковКатарлык шейх Сани бин Абдулла Алсани 19-декабрь — Катардын улуттук майрамына карата кыргыз боз үйүн тиктирип, аны мекендештерине көрсөтүүгө камданып жатат
Катарлык шейх Сани бин Абдулла Алсани 19-декабрь — Катардын улуттук майрамына карата кыргыз боз үйүн тиктирип, аны мекендештерине көрсөтүүгө камданып жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Катарлык шейх Сани бин Абдулла Алсани 19-декабрь — Катардын улуттук майрамына карата кыргыз боз үйүн тиктирип, аны мекендештерине көрсөтүүгө камданып жатат
© Фото / Азамат КармышаковБоз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев, Кыргыз клубунун жетекчиси Азамат Кармышаков баштаган кыргыз жигиттери көмөк көрсөткөн
Боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев, Кыргыз клубунун жетекчиси Азамат Кармышаков баштаган кыргыз жигиттери көмөк көрсөткөн - Sputnik Кыргызстан
2/3
Боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев, Кыргыз клубунун жетекчиси Азамат Кармышаков баштаган кыргыз жигиттери көмөк көрсөткөн
© Фото / Азамат КармышаковЖакында боло турган Катардагы улуттук майрамда шейхтин үйүнө бир топ коноктор чакырылып, аларга кыргыз боз үйү атайын көрсөтүлөт экен.
Жакында боло турган Катардагы улуттук майрамда шейхтин үйүнө бир топ коноктор чакырылып, аларга кыргыз боз үйү атайын көрсөтүлөт экен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жакында боло турган Катардагы улуттук майрамда шейхтин үйүнө бир топ коноктор чакырылып, аларга кыргыз боз үйү атайын көрсөтүлөт экен.
1/3
Катарлык шейх Сани бин Абдулла Алсани 19-декабрь — Катардын улуттук майрамына карата кыргыз боз үйүн тиктирип, аны мекендештерине көрсөтүүгө камданып жатат
2/3
Боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев, Кыргыз клубунун жетекчиси Азамат Кармышаков баштаган кыргыз жигиттери көмөк көрсөткөн
3/3
Жакында боло турган Катардагы улуттук майрамда шейхтин үйүнө бир топ коноктор чакырылып, аларга кыргыз боз үйү атайын көрсөтүлөт экен.

Боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев, Кыргыз клубунун жетекчиси Азамат Кармышаков баштаган кыргыз жигиттери көмөк көрсөткөн. 

"Кыргыздын улуттук баалуулуктарынын бири болгон боз үй Катар президентинин туугандарынын бири Шейх Сани бин Абдулла Алсаниге таандык экен. Аны тигип берүүнү бизден суранып кайрылганда кыргыз балдар менен барып үч күндүн ичинде тигип бердик. Бизге Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев жардамдашты", — деди Кармышаков. 

Анын айтымында, жакында боло турган Катардагы улуттук майрамда шейхтин үйүнө бир топ коноктор чакырылып, аларга кыргыз боз үйү атайын көрсөтүлөт экен. 

"Негизи арабдар көчмөн калк болгондуктанбы, айтор, биз боз үй тигип жатканда аябай кызыгып, суктанып турду. Мурда Монголияга барганда көргөнүн айтып, ошондон бери бул баалуулукту өзү тиктиргиси келгенин айтып берди. Боз үй Кыргызстандан алып келингенине бир топ убакыт болуп, тиккенди билген киши жок болгондуктан сакталып туруптур", — деп кошумчалады ал.

Кармышаков Шейх Сани бин Абдулла Алсани боз үйдү үч-төрт айга чейин чечпей, тигип коёрун айткандыгын кошумчалады.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0