15-декабрь күнү балатынын оту күйгүзүлүп, текшерүүдөн өттү.
Мындан тышкары, борбор калаада дагы 13 балаты орнотулат.
Мэрия тарабынан жаңы жылдык жасалгага жарыяланган сынактын алкагында коомдук жайларда, окуу жайларда, муниципалдык мекемелерде балатылар коюлат.
Ал эми башкы балатыны расмий жандыруу салтанаты 19-декабрга белгиленген.