БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар жаңы жылда төрт күн катары менен эс ала турганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 1-2-3-январь эс алуу күнү деп жарыяланды.
"Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дем алуу күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында иш күндөрүн которуу боюнча токтомго кол койду. Натыйжада 2017-жылдын 1 жана 7-январы 2017-жылдын 2 жана 9-январына жылдырылып 1-2-3-январь дем алыш күн деп жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.
Бул токтом беш күндүк жумуш графиги менен иштеп, эки күн эс алган мекемелердин, уюмдардын жана башкармалыктардын кызматкерлери үчүн кабыл алынды. Ошондой эле кыргызстандыктар 2016-жылдын 31-декабрында дагы эс алышат.