БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынганын ӨКМ билдирди.
"Саат 16:30да тоннелден жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды", — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, тоннелдин ичиндеги оңдоо иштерине байланыштуу ал жактан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө саат 14:30да чектөө коюлган болчу.