Робот жасап, аны программалаганга кызыккан жаш балдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Бул тууралуу Нарындагы Субакожоев атындагы лицейдин информатика боюнча мугалими Икрам Абдыкалыков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, робот жасоо 5-6 жылдан бери Кыргызстандагы "Себат" лицейинин жети облустагы филиалдарына өзүнчө сабак катары киргизилген.
"Робот жасайм деген балдарды биз өзүбүз тандап алабыз. Алардын инженерлик талантын, жөндөмүн байкап, атайын топ түзүп алып иштейбиз. Түзүлгөн топ менен бирге роботтун сырткы түзүлүшүн түзүп алып, анан программалоого өтөбүз. Программалоо абдан көп убакытты талап кылат. Робот пульт менен иштебейт, туура программаланган робот өзүн-өзү башкарат", — деди мугалим.
Абдыкалыков келечекте адам сымал гуманоид роботторун жасап, аны программалалаганды үйрөнүүнү да пландап жатышканын кошумчалады.