БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 14-декабрда Нарын облусунан башка аймактарда күн жылуу болорун Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, тоолуу аймактарда жана тоо этектериндеги жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Чүйдө — 14, Таласта — 12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 12 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көлдө 8 градус жылуу болсо, Нарында беш градус суук болушу күтүлүүдө.