Жеңиш Ашырбаев: портер менен кагышкан инкассатордун машинасы аңтарылып кеткен
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ош — Кара-Суу жолундагы Жылкелди айылында жеке менчик банкка караштуу инкассатор менен Hyundai Porter унаасы кагышканын Ош облустук ИИББдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка караганда, кыгышуунун айынан инкассатор автоунаасы жол жээгине аңтарылып кеткен.
"Окуяга күбө болгон жарандардын айтымында каршы тилкеге чыгып кеткен инкассатор кырсыкка себеп болгон. Кагышуунун кесепетинен инкассатордун айдоочусу менен банк кызматкери жаракат алып ооруканага жеткирилди", — деди Ашырбаев.
Анын айтымында инкассатор автоунаасында акча болгон эмес. Учурда техникалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.