Дем алыш күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет дем алыш күндөрдөгү аба ырайынын болжолун маалымдады.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаай турганын ӨКМ Кыргызгидрометке шилтеме берүү менен билдирди.

Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Декабрдагы жамгыр: көлчүктө калган Ак үй менен "Ала-Тоо" аянты
Маалыматка ылайык, 10-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетиши мүмкүн. 

11-декабрда түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0