БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Казакстандын полициясы кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында Алматыдан уурдалган телефондорду Бишкектен табышканын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар сатуучулардын соода текчесинде турган телефондордун IMEI кодун сурашкан.
"Ошентип, 2012-2016-жылдары каттоого алынган маалыматтар менен салыштырылган. Анын жыйынтыгында Алматыдан уурдалган 104 чөнтөк телефонду табууга мүмкүн болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Алматы шаардык полициянын ички иштер департаментинин криминалдык башкармалыктын жетекчиси Жанболот Зиадин табылган телефондорду кылмыш иштерине тиркөө жагынын мыйзамдуулугу каралып жатканын кошумчалаган.