БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Энвер Гареев атындагы ботаникалык багында жаңы балаты базары ачылгандыгын мэриядан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, шаар тургундары аталган базардан идишке салынган балатынын түрүн сатып ала алат. Балатылар Токмок менен Каракол токой питомнигинен алып келинген.
"Идишке салынган балатыларды "Зеленстрой" ишканасынын Ташкент, 17 дарегиндеги питомнигинен да сатып алса болот. Жаңы жылдык кечеден кийин идиштен бошотуп жерге отургузуп коюу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
"Зеленстрой" ишканасынын адистери балатыны декабрь, январь жана февраль айында жерге отургузуу мүмкүн экенин белгилейт.