БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Карантин маалында мугалимдердин баары мектептерди тазалап, окуучулардын дептерлерин текшерип жатышат. Бул тууралуу Бишкектин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Cауле Мейрманова билдирди.
Эскерте кетсек, сасык тумоонун жайылышынан улам бүгүнтөн баштап кийинки дүйшөмбүгө чейин шаардагы мектептердин баары карантинге жабылган. Бирок мугалимдер иш ордунда эмгектенип жатышат. Карантин маалында окутуучулар мектепти тазалоо менен алек болушат. Мейрманованын айтымында, мугалимдер окуучуларга аралыкта туруп сабак өтө алышат.
Буга чейин мэрияда кооптуу инфекциялар боюнча координациялык комитеттин жыйыны өтүп, шаар мектептерин карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алган.